Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиндеги өрттөн жабыркаган 22 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган үй-бүлөлөр менен калаа мэри Айбек Жунушалиев жолугушкан.
"Жабыркагандар менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында материалдык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынып, мэрдин резервдик фондунан 22 үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон төлөндү",- деп билдирди мэрия.
Аталган турак жайлардын ичинен 5 батир гана камсыздандырылган, мэрия мыйзам чегинде ошолор гана компенсация ала турганын билдирди.
Ошондой эле жайгаштыруу, кошумча жардам көрсөтүү жана мамлекеттик ипотекалык компания менен өз ара аракеттенүү маселелери белгиленген тартипте каралып жатканы кошумчаланды.