Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына таштандыны кайра иштетүүчү заводду тааныштыруу иши уюштурулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматы кабарлап, видео жарыялады.
Ал жакта депутаттардан тышкары, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова да болуп кайткан.
Эске салсак, ноябрь айынын аягында Бишкекте таштанды заводу ишке киргизилгени
маалымдалган.