Бишкекте 25 бала бакча карантинге жабылды 

Бишкек шаарында сасык тумоого байланыштуу карантинге 25 бала бакча жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева УТРКга маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруга кабылгандардын 70 пайыздан көбү 14 жашка чейинки балдар.

"Учурда ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу эки эсе көбөйдү. Расмий түрдө 36 миң жаранды каттадык. Ооругандардын 70 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар. Алардын арасынан көпчүлүгү 4 жашка чейинки балдар. Эмнеге балдар көп ооруп жатышат? Анткени чоңдор ооруп келип, жугузуп жатышат.

Бала бакчага баргандар ооруп жатышканы үчүн Бишкекте 25ке жакын, Ысык-Атада 30дан ашык, Ошто бир-эки бала бакча карантинге жабылды. Мындан тышкары, дагы бир-экиден жабылуулар бар",- деди Оторбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан