Транспорт министрлиги Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууга "Келечек" альтернативдик тоннелин куруу долбоору 640 миллион долларга бааланганын билдирди.
Маалымдалгандай, аталган суммадагы инвестиция толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланып, курулуш иштерин дээрлик 5 жылда аткаруу пландалган.
Мунун алдында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууга "Келечек" альтернативдик тоннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлганын кабарлаган.
Жаңы тоннель деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 11,5 чакырымды түзмөкчү.