Бүгүн, 2-декабрда эстрада ырчысы Кудайберди Айтбосунов Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык баракчасынан билдирди.
"Биз алган сыйлыктардын башаты гана болсун. Жылуу сөздөр, жакшы тилектериңиздер үчүн чоң рахмат! Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйландым", - деп билдирди ырчы.