Белгилүү блогер Михаил Литвин абага шардын жардамы менен көтөрүлгөн футбол аянтчасында оюн көрсөттү. Бул трюкту ал социалдык баракчасында бөлүштү.
Анда шар 1700 метр бийиктикке көтөрүлгөн. Литвин жарыялаган видеосунун алдында португалиялык футболчу Криштиану Роналдуга кайрылып, аны ой-пикир калтырып кетүүгө чакырган.
Тасмада блогер футбол ойноп, андан соң белгилүү футболчуну туурап парашют менен секиргенин көрүүгө болот.