Казарман–Акталчат унаа жолун асфальттоо иштери аяктады

Тогуз-Торо районундагы Казарман–Акталчат унаа жолунун 5-8 чакырым аралыгы асфальтталды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө толук 3 чакырым асфальт-бетон катмары төшөлүп, жол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүп жатат.
Бул долбоор 2025-жылга карата титулдук тизмеден каржыланган. Иштерди "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.
Маалымат үчүн: Аталган унаа жолу Тогуз-Торо району менен Ак-Талаа районун байланыштырган маанилүү каттам болуп саналат. Долбоордун ишке ашырылышы аймактар аралык байланыштын өнүгүшүнө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана тургундардын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан