Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск АКШнын кийинки президенти ким боло турганын болжолдоду. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Маск кийинки АКШнын лидери учурдагы вице-президент Жей Ди Вэнс болуп калышы мүмкүн экенин билдирген. Ишкер мындай пикирин АКШнын өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин мурдагы жана азыркы кызматкерлери менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүү учурунда айткан.
Аталган байланыш Техас штатынын Бастроп шаарында болгон. Маск караңгы бөлмөдөн гана байланышка чыгып, коопсуздук үчүн жолугушууга келбегенин айткан. Ошондой эле ал өзүн Трамп менен Вэнстен кийинки эле өлтүрүп кетүү коркунучу жогору адам экенин кошумчалаган.