"Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз телефон саткан жарандар кармалышты. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков аталган базарда рейддик иш-чараларды өткөргөн. Анын алкагында милиция кызматкерлери базардын кире беришинде мыйзамсыз телефон саткандарды кармап, аларга карата мыйзам чегинде протоколдорду түзгөн.
Кармалган жарандар телефондор туугандарына таандык экенин билдиришкен.