Каракол зоопаркындагы гуанако ботолуу болду. Бул тууралуу "Бугу эне" коомдук фонду кабарлады.
"Бизде кичинекей гуанако туулду. Учурда ал апасынын жанында",- деп билдиришти фонддон.
Ламалардын (Гуанако) мекени Түштүк Америка. Аларды биздин заманга чейинки 1000-жылдары индейлер колго үйрөтүшкөн. Ламалар төөлөрдүн тукумуна кирет, бирок алардан айырмаланып өркөчү жок. Учурда Кыргызстанда саналуу гана ламалар бар.