Ош мэриясынын чатырына күндөн энергия алуучу панелдер орнотулууда (видео)

Ош мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул тапта имараттын чатырын жабуу иштери уланууда.

"Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен имараттын чатыры оңдолууда. Учурда чатырларды жабуу жана күн панелдерин орнотуу иштери жүрүп жатат",- деп билдирди мэрия.

Аталган имаратта мэрия кызматкерлери менен бирге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү да жайгашкан.

Ош мэриясынын чатырына күндөн энергия алуучу панелдер орнотулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан