АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн, 3-декабрда Ак үйдөн расмий билдирүү жасайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, иш-чара Ак үйдүн башкы бөлмөсүндө жергиликтүү убакыт боюнча 14:30га белгиленген.
"Графикте президенттин билдирүү жасай турганы көрсөтүлгөн, бирок эмне тууралуу экени ачыкталган эмес",- деп билдирген президенттин администрациясы.
Мындан тышкары, Трамп аталган күнү Ак үйдүн практиканттары менен жабык сүрөткө түшүүгө катыша турганы да айтылган.