“Достук” чек ара бекетине 45 метрлик флагшток орнотулууда

Өзбекстандан Ош шаарына кире бериштеги “Достук” чек ара бекетине бийиктиги 45 метр болгон флагшток орнотулууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Кабарга ылайык, бул иштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен ишке ашырылып жатат. Буга удаа бекеттин айланасын көрктөндүрүү, таман таш төшөө жана отургучтарды жайгаштыруу иштери да жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 26-февралда Ош шаарынын башчысы "Достук" өткөрмө бекетинин кире бериш аймагын кыдырып, баш аламан курулган соода түйүндөрүн оңдоо тапшырмасын берген. Июнь айында аталган аймакты иретке келтирүү иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан