АКШнын Луизиана штатындагы Ангола түрмөсүндө биринчи жолу "Аталар жана кыздар" бий кечеси өткөрүлдү. Иш-чара бейөкмөт уюм тарабынан уюштурулганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Камактагы 29 ата өз кыздары менен жолукту. Айрымдары көп жылдан бери аларды көргөн эмес.
"Бул кече эчак үзүлгөн мамилелерди калыбына келтирүүгө өбөлгө түзгөн, айыктыруучу күчү бар, жакындаткан өзгөчө учур болду. Үй-бүлөлөр бири-бирин кучактап, сүйлөшүп, бийлеп, убакыт жана аралык ажыратып койгон байланышты кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту",- деп белгиленген маалыматта.