Бишкекте дайынсыз жоголгон 12 жаштагы аутист бала табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Милиция кызматкерлери аны таап, ата-энесине өткөрүп берди. Ошондой эле кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдиришти.
Буга чейин анын автобустан адашып түшүп кеткендиги айтылып, издөө иштери башталган.