Ош шаарында жаңы жыл майрамына карата даярдык башталды. Учурда борбордук аянтка жаңы жылдык балаты орнотуп, жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жасалгалоо иштерине байланыштуу мэриянын алдындагы Алымбек датка көчөсүнүн Заднепровская жана Нургазиев көчөлөрүнө чейинки аралыгы унаа кыймылы үчүн жабылды.
Мэрия унаа багытын алдын ала пландоого чакырды.