Өлкөдө мамлекетке таандык үч ири завод сатууга коюлду

Мамлекеттик мүлк фонду жакында мамлекеттин карамагына өткөн үч ири ишкананы ачык аукционго чыгарды. Алардын жалпы баасы 3 миллиард сомго бааланып жаткандыгын мекемеден билдиришти.

Сатууга коюлган объектилер:

  • “Балыкчы” эт комбинаты — 631 миллион сом;
  • “Кызыл-Кыя” машина куруу заводу — 2 миллиард сом;
  • “Винивин” арак комбинаты — 553 миллион сом.

Заводдор менен кошо алардын жер тилкелери, кампалары, өндүрүштүк арналары, имараттары жана башка мүлкү да сатыла тургандыгы кошумчаланды. Аукцион 9-декабрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан