АКШнын Виржиния штатында шараптар сатылган дүкөнгө кирген енот бир нече бөтөлкөнү сындырып, мас абалда дааратканада уктап калган жеринен табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, аталган шарап саткан дүкөндүн кызматкери эртең менен талкаланган бөтөлкөлөрдү көрүп, полицияга кабар берген. Көп өтпөй дүкөнгө кол салган шектүү табылган. Ал дүкөнгө шып аркылуу кирген енот болуп чыккан. Жаныбар талкаланган ичимдиктердин ар түрүн татып көрүп, мас абалда дааратканага уктап калганы белгилүү болгон.
Жаныбарды эс алдыруу үчүн атайын баш калкалоочу жайга жайгаштырышкан. Бир нече сааттан кийин эсине келген учурда келген жагына коё берилген.