Көмүрдү тышка ташып чыгууга салынган тыюу узартылды

Көмүрдү өлкөдөн тышка ташып чыгууга салынган тыюу дагы 6 айга узартылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөнүн көмүрү унаа транспорту менен (“Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт.

Токтомдун негизинде Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына, Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилген.

Мындай чектөө июнь айында киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан