Казакстандын Актөбө облусундагы "Жайсан" өткөрүү пунктунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 1978-жылы туулган кыргызстандык жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-ноябрда болгон. Кыргызстандын элчилиги жабыркаган жаран жана анын жакындары менен тыгыз байланышта болуп, Казакстандын укук коргоо органдары менен кызматташып жатат.
Учурда Мартук райондук милициясы тергөө иштерин жүргүзүп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.