Венгриядагы ЖОЖдорго кыргызстандыктар үчүн сынак жарыяланды

2026-2027-окуу жылдарга Венгриянын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында "Stipendium Hungaricum" программасы боюнча билим алууга Кыргыз жарандары үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирди.
Эки тараптуу келишимдердин алкагында Венгрия тарап кыргызстандыктарга 200 квота бөлдү:
  • Бакалавриат (BA/BSc) / бир деңгээлдүү магистратура (One-tier Master/OTM) – 130 орун;
  • Магистратура (MA/MSc) – 50 орун;
  • Докторантура (PhD/DLA) – 20 орун.
Бул квоталар Венгрия өкмөтүнүн "Stipendium Hungaricum Scholarship Programme" стипендиялык программасынын алкагында берилип, аны "Темпус" коомдук фонду башкарат.
Сынакка 2026-жылдын 31-августуна карата 18 жашка толгон Кыргыз жарандары катыша алышат. Кошумча маалымат төмөнкү шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан