2013-жылы Кытайда 16,4 миллион наристе төрөлсө, өлкө боюнча 9,72 миллион жаран көз жумган. Кытайдын Статистикалык башкармалыгынын маалыматына караганда, калктын табигый өсүшү 0,49 пайызды түзгөн. Жыныстык түзүмүндө эркектердин саны 697,28 миллион, аялдардын саны 663,44 миллион болгон. Жумушка жарамдуу 16 жаштан 59 жашка чейинкилердин саны 2,44 миллион адамга кыскарып, алар 919, 54 миллион же калктын жалпы санынан 67,6 пайызды көрсөткөн. 60 жаштан жогоркулар 202,4 миллион адамдан ашса, ар бир онунчу кытайлык 65 жыл жашаганы аныкталган.