Ош шаарынын Жаңы-Маала айылына көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жаңы-Маала (Лөлү маала) айылынын жашоочулары менен жолугушуп, долбоор тууралуу маалымат берген.
"Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак-жайларды бузуп, ордуна жаңы көп кабаттуу жана жер үйлөр, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат",- деп билдирди мэрия.
Мэр өз сөзүндө биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталарын, орду даяр экенин белгилеп өткөн.