Улуттук банк комиссиясыз акча которуу мөөнөтү узартылганын билдирди

Улуттук банк акча которууларда комиссиялык төлөм алууга салынган тыюуну узартканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган токтом боюнча 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына өлкө ичинде акча которуулар үчүн кардарлардан комиссиялык төлөм алууга тыюу салынат.

Эске салсак, Улутук банк былтыр ноябрь айында интернет-банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу быйылкы жылдын аягына чейин токтотулганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан