
Индиялык
Манас Кумар аттуу сүрөтчү Орусиянын президенти
Владимир Путиндин Нью-Делиге болгон сапарына карата анын портретин кум менен тартты. Бул тууралуу видео India Today каналынын эфиринде көрсөтүлгөн.
Маалым болгондой, Путиндин Индияга мамлекеттик сапары бүгүн, 4-декабрда башталып, эки күнгө созулат. Анын жүрүшүндө Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык күн тартибин талкуулашат.
Путиндин сапарына Индиянын ар бурчунда даярдыктар көрүлүп жатат.