Талас шаарында 1999-жылы шаардык автобекетке тиешелүү болгон 565 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан бүгүн, 4-декабрда билдиришти.
Ага ылайык, көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 2 миллион 697 миң 100 сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.