Ошто лөлү тектүүлөр жашаган Жаңы-Маала айылы кайра курулат

Ош шаарынын мэриясы лөлү тектүүлөр жашаган Жаңы-Маала айылын толук кайра курууну пландап жатат. Реновация иштери 2026-жылдан башталарын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэр Жеңишбек Токторбаев конушту реновациялоо маселеси боюнча тургундар менен жолугуп, долбоордун маанилүү этаптарын түшүндүрдү. Келерки жылдан тартып этап-этабы менен аймактагы турак үйлөр жана социалдык объектилер бузулуп, алардын ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат.
4 миңге жакын калкы бар бул конуш 2024-жылы административдик-территориялык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагына кошулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан