Египеттик студенттер катышкан жаңжал. Жабырлануучунун жакындары эмне дейт? (маек)

Ушул жылдын 25-ноябрында Бишкектин Рухий-Мурас-1 конушунда чет өлкөлүк студенттер катышкан чуулгандуу жаңжал болгон. Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, жабырлануучунун жакындары менен сүйлөшүп, окуя кандай өңүттө жүргөнүн билип кайтты.

Алардын айтымында, болжол менен 10 египеттик студент батирдин ээсине жана анын жашы жете элек тууганына кол салган. Чыр-чатак келишимдин башында айтылган батирде тамеки тартпоо жана түнкүсүн кыздарды алып келбөө талабы аткарылбагандан кийин келип чыккандыгын туугандары белгиледи.

Кайым айтышуу жапырт сабоого айланып, эки жабырлануучу башынан жана бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда окуя боюнча эки студент гана кармалды. Жабырлануучу тарап жалпы катышуучуларды жоопко тартуу талабын коюшууда.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан