
Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү жана даярдоо 2024-2025-окуу жылында 44,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин жылдык отчётунда айтылат.
Маалым болгондой, азыркы учурда өлкөдөгү балдарды бала бакчалар менен камсыз кылуу 50 пайызга жетти.
Ошондой эле ушул жылы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 25 бала бакчанын имараты кайра кайтарылып, ишке берилди.