Медициналык окуу жайдын студенттерин донордук органдар менен окутуу сунушталууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга коюлду."Пластикалык макеттер адамдын дене түзүлүшүн жана ички органдардын нюанстарын, ар бир оору үчүн өзгөчө болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү толук бере албайт. Медициналык факультеттин студенттери донордук органдар түрүндөгү көрсөтмө куралдар менен теориялык гана билимге ээ болбостон, практикалык көндүмдөргө да ээ болушат.
Алар бейтаптарга университеттен кийин эмес, студент кезинде медициналык процедураларды жана операцияларды жасоону үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул ошондой эле келечекте калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат жана акыркы жылдарда бир топ көбөйгөн медициналык каталардын санын азайтат",- деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.