Бишкек дүйнөдөгү абасы зыяндуу делген шаарлардын катарына кирди. Бул тууралуу дүйнөдөгү абасы кир жана абасы таза шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюму билдирди.
Аталган уюмдун 5-декабрдагы чыгарган маалыматына ылайык, борбор калаанын абасы "зыяндуу" деп табылып, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Ошондой эле абасы кир шаарлардын катарында 11-орунду ээлеген.
Мындай шартта шаардыктарга беткап тагынуу, терезелерди жабуу жана мүмкүнчүлүк болсо абаны тазалай турган жабдууларды иштетүү сунушталат.