Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү 5 даана JAC үлгүсүндөгү кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Маалымдалгандай, унаалардын ачкычтарын транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тапшырган. Унаалар ата мекендик "Tulpar Motors" заводунан чыгарылган.
"Жаңы транспорт каражаттары заманбап талаптарга толук жооп берип, айрыкча тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлө турган жаңы жолдордун долбоорлорун даярдоодогу инженердик-изилдөө иштеринде кызматкерлердин күнүмдүк жумушун жеңилдетет",- деп айтылат маалыматта.