Илим министрлиги Кытайдын алдынкы жогорку окуу жайларында 2026-2027-окуу жылында билим алуу үчүн Кытай өкмөтүнүн мамлекеттик стипендияларын алуу боюнча сынак жарыялады.
Кыргызстандыктар аталган өлкөдө бакалавр, тилдик стажировка, магистратура жана докторантура программалары боюнча билим ала алышат.
Стипендиялар 2015-жылдын 16-декабрында Бээжин шаарында кол коюлган билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча мекемелер аралык келишимдин алкагында берилет.
Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окууга акы төлөө;
- жатаканада жашоо;
- ай сайын стипендиялык жөлөк пул алуу;
- медициналык камсыздандыруу.
Сынакка катышуу шарттары боюнча толук маалымат шилтемеде.
Маалымат үчүн: Авиакаттам жана виза алуу чыгымдары стипендия пакетине кирбейт.