Программист жасалма интеллекттин катачылыгынын улам D дискиндеги бардык маалыматтар өчүп кеткенин билдирди. Бул окуя тууралуу Reddit сайтын колдонгон Deep-Hyena492 деген колдонуучу маалымат бергенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал ноябрь айынын аягында иш папкасын тазалоо буйругун бергенден кийин, жасалма интеллект иш папкасынын ордуна D дискин толугу менен тазалап салган.
Программист Recuva программасы аркылуу файлдарды калыбына келтирүүгө аракет кылган, бирок сүрөттөр жана видеолордун көбү калыбына келбей, маалыматтын олуттуу бөлүгү толугу менен жоголгон.
Ал мындай коркунучту эскертип, жасалма интеллект колдонууда этият болууну сунуштады.