АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча ишти улантып жатканын жана ага жетише аларын билдирди.
"Биз бул боюнча абдан катуу иштеп жатабыз жана биз муну токтотушубуз керек",- деген ал Ак үйдөгү Жаңы жылдык балатыны жандыруу аземинде.
Президент учурда анын өлкөсү коопсуз экенин, америкалыктар Жаңы жылды коопсуз майрамдай ала турганын кошумчалаган.
"Улут катары биз ыраазы боло турган көп нерсебиз бар. Бул майрамдык мезгилде биздин чек ара коопсуз. Жети ай биздин өлкөгө эч ким мыйзамсыз кирген эмес",- деген Трамп.