Өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттары окутуудан өтүшүүдө

Өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары, шаар башчылары жана жергиликтүү кеңештердин жооптуу катчылары окутуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, окутуу иштери 2-декабрда башталган, 23-декабрга чейин созулат.
Мындай иштер жергиликтүү кеңештер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында өткөрүлүп жатат.
Бул иштерди аталган агенттик Юстиция министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзy жана Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте уюштурууда.
Мындай окутуулар республика боюнча улантылары кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан