"Мортал Комбаттагы" актёр каза болду

"Мортал Комбат" тасмасында Шан Цундун ролу менен таанылган голливуд актёру Кэри-Хироюки Тагава каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал кечээ, 4-декабрда Санта-Барбарадагы үйүндө инсульттан улам каза болгон. Актёр 75 жашта болчу.

Кэри-Хироюки Тагава теги япон америкалык актёр эле. Ал экшн жана фантастикалык фильмдердеги жандуу ролдору менен таанылган.

Актёр Токиодо төрөлгөн. Анын атасы америкалык жоокер, апасы япон актрисасы болгон. 1955-жылы үй-бүлө Америка Кошмо Штаттарына көчүп барган. Тагава 2016-жылы Орусиянын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан