Бүгүн, 5-декабрда Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Достук айылында гипсокартон чыгаруучу завод ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда Касымалиев бүгүнкү күндө гипс продукциясын импорттоодон көз карандылык жогору бойдон калып жатканын, анын импортунун көлөмү быйыл 9 айда 8,5 миллион чарчы метрди түзгөнүн белгилеген.
Өкмөт башчынын айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
"Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумуш оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 миллион доллар инвестиция жумшалган",- деп айтылат маалыматта.