Яндекс Кыргызстандагы мугалимдер үчүн программалоонун негиздери жана нейротармактар боюнча акысыз курска кабыл алууну баштады. Бул курстар окутуу жөндөмүн өркүндөтүүнү, билимин жаңылоону жана санариптик чөйрөдө суроо-талапка ээ болгон заманбап технологияларды өздөштүрүүнү каалагандардын баарына ылайыктуу.
Курстар орус тилинде окутулат жана алдын ала тандоону талап кылбайт. Катталуу бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү жана окууну каалаган убакта, ар ким өз темпине жараша өздөштүрсө болот. Бул жолку катышуучуларга ЖИ-жардамчысы (жасалма интеллект) жеткиликтүү болот жана курста эң көп упай топтогон 100 катышуучу Яндекс Плюска бир жылдык жазылуу ала алат.
Окууну баштоо үчүн долбоордун сайтындагы форманы толтуруу керек. Андан соң катышуучу платформага кириши үчүн шилтеме берилет, ал аркылуу курстарды өтүп, өзүнүн өсүшүн көзөмөлдөй алат.
Тандоого: “Нейротармактар”, “Python: негиздери” жана “Python: тажрыйба” багыттарынан турган үч окутуу сунушталат.
Нейротармактар боюнча курс - алар кантип түзүлгөнүн түшүнүүгө, мүмкүнчүлүктөрүн кантип колдонсо болоорун күнүмдүк тапшырмада үйрөтөт: сабактын тапшырмаларын, презентацияларды даярдап, GPT-моделдерин колдонуу менен үй тапшырмаларын текшерет жана күнүмдүк милдеттерди аткарууну жөнөкөйлөштүрөт.
Python программалоосунун негиздери боюнча курс башталгычтар үчүн ылайыктуу: катышуучулар негизги маалымат түрлөрүн, алгоритмдерди, саптарды жана массивдерди окушат жана кодду колдонуп татаал темаларды визуалдаштырууну үйрөнүшөт. Python тилиндеги практикалык маселелерди чечүү боюнча курс теорияны бекемдөөгө, алгоритмдерди жазууну практикалоого, тапшырмаларды текшерүүнү автоматташтырууга жана окуу натыйжаларын талдоо үчүн программалоону кантип колдонууну үйрөнүүгө жардам берет.
Жаңы агымдагы мугалимдер кошумча инструменттерди - окуу платформасына орнотулган ЖИ-жардамчысын колдоно алышат. Ал темаларды жакшыраак түшүнүүгө, материалды өздөштүрүүгө жана суроолор пайда болгондо кеңеш алууга жардам берет.
Көндүмдү өнүктүрүү үчүн автоматтык текшерүүсү бар 100дөн ашык тапшырманы чексиз санда аракет кылуу менен аткарууга болот. Курс аяктагандан кийин да материалдар жеткиликтүү бойдон кала берет. Бул мугалимдерге өз ишинде колдонууга мүмкүндүк түзөт: алар окуу жылы бою мисалдарга жана тапшырмаларга кайрылып келе алышат. Курсту аяктагандан кийин ар бир катышуучу сертификат алат.
Жаңы курстун катышуучулары ошондой эле Кыргызстандагы мугалимдер үчүн атайын иштелип чыккан “100 Плюс” акциясына катыша алышат. Курста — теорияда жана практикалык тапшырмаларда эң көп упай топтогон 100 кишиге Яндекс Плюска бир жылдык жазылуу алышат. Байгеге ээ болуу үчүн талапкерлер курсту 2025-жылдын 28-декабрына чейин бүтүрүшү керек.
Жазылуу Яндекс Музыка, Кинопоиск жана Яндекс Книга сервистеринен тасмаларга, сериалдарга, музыкага, подкасттарга жана электрондук китептер менен аудиокитептердин китепканасына кирүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Таксиге арзандатуулар жана атайын тандалган ресторандардан акысыз жеткирүүнү камсыз кылууга болот.
*Курстар - маалыматтык материалдар жана билим берүү программасы болуп саналбайт.
*Сертификат билим берүү мүнөзүнө ээ эмес.