Чолпон-Атада райондук архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 5-декабрда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө жаңы имараттын аймактагы шаар куруу тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилеп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү деңгээли мындан ары дагы жогоруларын билдирди.
Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы 288 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар.
Иш-чаранын соңунда имараттын аймагына арчалар отургузулду.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча буга чейин Түп районунда жана Балыкчы шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилген.
Чолпон-Ата шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан