Мамлекеттик ипотекалык компания 2026-жылы болжол менен 20 миң батирди ээлерине тапшыруу пландаштырылып жатканын билдирди.
МИК бериле турган батирлердин саны курулуш иштеринин жүрүшүнө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Маалыматта учурда өлкө боюнча 75 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатканы кошумчаланды.