Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги 16 жашка чейинкилерди социалдык тармактарга каттоодон тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлгандыгын казак басылмалары жазышууда.
Долбоорго ылайык, 16 жашка чейинки балдар көпчүлүк онлайн-платформаларда аккаунт түзө албайт. Мыйзамдын максаты – балдарды зыяндуу жана мыйзамсыз жагдайлардан коргоо.
Мындан тышкары мыйзам долбоору ири онлайн-платформаларга социалдык тармактарга, видео кызматтарына, маркетплейстерге Казакстанда өкүлчүлүк же филиал ачууну милдеттендирүүнү сунуш кылат. Бул платформалардын юридикалык өкүлчүлүгүнүн жоктугу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкты жана мыйзамды аткарууну кыйындатат деп эсептелет.
Долбоор ошондой эле тиешелүү органга онлайн-платформаларды мониторинг кылуу укугун берет. Эгер платформалар талаптарды аткарбаса, орган алардын ишине чектөө коё алат.