Бишкектеги ЦУМ соода борборунун айланасындагы жабылган жолдор жакынкы күндөрү ачылат. Бул тууралуу курулуштун бригадири Эрнис Сатаров билдирди.
Ал Чүй-Шопоков кесилиштери кайсы күнү ачыларын так атаган жок. Учурда жол белгилери чийилип даярдалып жатканын кошумчалады.
Ал эми жер алдындагы жана унаа токтотуучу жайлардагы иштер дагы уланат, ал жакта толук кандуу курулуш иштери аяктай элек.