Бүгүн, 5-декабрда Ош шаарынын Алымбек датка аймактык башкармалыгындагы Алай-1 жана Алай-2 конуштарынын негизги жолдору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирип, иш-чарага калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышканын кошумчалады.
Токторбаев август айындагы рейддик кыдыруусунда Алай-1, Алай-2 конуштарынын тургундарына жолугуп, көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыккан. Анда жергиликтүү тургундар аталган конуштардын жолуна асфальт төшөп берүүнү айтып кайрылышкан.
Болжол менен 2,5 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулду. Ошондой эле ирригациялык лотоктор орнотулуп, түнкү чырактар дагы коюлду.