АКШнын басымына карабай Орусия–Индия мунай кызматташтыгы уланууда

Орусия Индиянын экономикасын колдоо үчүн күйүүчү майдын туруктуу жана үзгүлтүксүз жеткирүүсүн камсыздоого даяр. Бул тууралуу президент Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуудан кийин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Путиндин айтымында, эки өлкө ортосундагы энергетикалык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүүдө, ал эми мунай жана мунайзат соодасы, ошондой эле индиялык ишканалардагы орусиялык мунайдын кайра иштетилиши пландуу жана туруктуу жүрүп жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп август айында Индия орусиялык мунай сатып алганына кошумча 25 пайыз тариф киргизгенден кийин жалпы бажы төлөмү 50 пайызга чейин өскөн. Вашингтон муну Орусия менен кызматташкан башка өлкөлөргө да жайылтарын эскерткен.

Премьер-министр Нарендра Моди бул чараларга карабастан Индия өз элинин экономикалык кызыкчылыктарын коргоону улантарын айтты.

20-октябрда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко АКШнын кысымына карабастан, Орусияда Индияга мунай жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурабай улантылып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан