Бишкекте онлайн алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды.Октябрь РИИБине Н.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2024-жылдын 26-сентябрында ал Lalafo платформасына жарыяланган Honda Accord үлгүсүндөгү автоунааны сатып алуу үчүн сатуучуларга ишенип 110 миң сом берген. Акчаны алган соң алар изин жашырган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө чараларынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган К.М. жана 2001-жылы туулган У.Б. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.