Караколдогу лыжа базасына бара жаткан жол тайгак болуп, жол кырсыгы катталды (видео)

Караколдогу тоо лыжа базасына алып баруучу жолдо жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн унаалардан улам жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу блогер Эртай Искаков билдирди.

Анын айтымында, түн ичинде кар жаап, жол муз болуп калгандыктан унаалар тайгаланып, бир нече унаа бири-бирине урунган. Тасмада унаалардын артты көздөй тайгаланып келип, бири-бирин сүзүп жатканын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочулар кышкы жол шарттарына даяр болуусу үчүн жол шаймандарын жана керектүү жабдыктарды алып жүрүүсү зарыл.

Буга чейин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу керектигин эскерткен.

Караколдогу лыжа базасына бара жаткан жол тайгак юолуп, жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан