Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу жаңы ак өргөөсүн ачып кирип, жакшылыгы менен бөлүштү.
Социалдык баракчасына киргизген видеодо ал өлкө башчысы Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, Күрөш федерациясына өзгөчө колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Олимп оюндарынан алтын медаль алып келүү убадасын берди.
Эскерте кетсек, Бекзат Алмаз уулу быйыл Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан жеңиш менен кайтып, өлкөнүн капчыгын дагы бир күмүшкө толтурган