Бразилияда учак жерге конгондо өрт чыкты (видео)

Бразилияда Airbus A320 учагы жерге конгондо өрт чыгып, андагы жүргүнчүлөр тез арада эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Авиакомпания билдиргендей, өрт багаж жүктөөчү түзмөктүн катачылыгынан чыккан жана тилсиз жоо учакты каптап кеткен. Алгач ичи түтүнгө толуп баштаган, ошол учурда 180 жүргүнчү аман-эсен сыртка чыгарылган.

Жеринде тийиштүү кызматтар иш алып барып, өрт өз учурунда өчүрүлгөнү маалыматтарда белгиленет. Азырынча канча адам жабыркаганы айтылган эмес.

Бразилияда учак жерге конгондо өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан