Садыр Жапаров 57 жашта. Ажо туулган күнүн кандай белгилейт?

Бүгүн, 6-декабрь – президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 2021-жылы шайланып келип, өлкөнүн 6-президенти болду.

Бүгүн өлкө башчысы бир катар мамлекеттердин президенттери тарабынан куттуктоо телеграммаларын алды. Алардын катарын алыскы Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев да бар. Мындан тышкары Садыр Жапаровго жеке байланышкан өлкө башчылары да болду. Алгачкылардан болуп Тажиктандын президенти Эмомали Рахмон, ага улай эле казак башчысы Камсым-Жоомарт Токаев, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев, Орусиянын башчысы Владимир Путин телефон аркылуу куттукташты. Анда ден соолук жана бакубатчылык менен катар, кызматташуу багыты да өлкө башчылардын негизги маселелси болду.

Садыр Жапаров бүгүнкү туулган күнүнө карабай кабыл алуу иштерин да жүргүздү. Кыргызстанга Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жана Азиянын бириккен күрөш уюмунун президенти Мохаммед Аль-Авамлех келди. Өлкө башчысы аларга сыйлыктарды тапшырып, өзү да UWW ордени менен сыйланды.

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзовго ажо туулган күнүн кайда жана кантип өткөрүп жатканын билүү үчүн байланыштык. Ал белгилегендей, өлкө башчысы үчүн бүгүн кадимки иш күн болду.

"Президент туулган күнүн тосконду көп жактыра бербейт. Бүгүн кадимкидей эле иш күн болуп, жолугушуулар өттү. Башка өлкө лидерлеринен телефондук жана кат жүзүндө куттуктоолорду кабыл алды. Кечинде үй-бүлөсү менен символикалуу түрдө туулган күнүн белгилейт", - деди Алагөзов.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн. Ал 11 бир тууган. Ал эми биринчи айым Айгүл Жапарова менен 2 уул, 1 кызын тарбиялап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан